Жомоктор топтому
12 Апреля 2011
Автор: БҮБҮСАЙРА БОТБАЙ КЕЛИНИ

ШАМАЛДЫ СӨКПӨ


Тузумду төкпөсөң,


Шамалды сөкпөсөң…


Илгери бир адам өгүзүнө эки кап буудай артынып, тегирменге барып, ун салдырып бүтүп алып келе жатса, шамал катуу болуп тынчын алат. Башындагы тебетейин учуруп кетет. Киши ого бетер сөгөт. Эптеп өгүзүнөн түшүп тебетейин алып кийип, өгүзүнө караса басып кетет. өгүзүтайып жыгылып, бир кап ундун оозу чечилип, унун да шамал учуруп кетет. Баягы киши шамалды айда сөгөт. Шамал катуу болуп, киши ачуусу менен периштеге барат. «Айланайын периште, шамалыңды тыйбайсыңбы? Эптеп болгон эки кап буудайымды салдырып келе жатсам, тебетейимди учуруп, өгүзүмөн түшүп тебетейимди алгыча, өгүзүм басып кетип, тайып жыгылып, бир кабымдын оозу чечилип, төгүлгөн унумду такыр учуруп кетти. Адамдын ырыскысына эмне кол салат», – деп даттанат. Периште шамалды чакырып: «Эмне пенденин тебетейин учуруп, аның аз келгенсип унун да учурдуң, – дейт. Тентегиңди коюп төлөп бер». – Пендең өзүнөн көрсүн, тебетейин баса кийбейби, унун бек буубайбы? Мени кудай эрке жараткан да. Жүрсөм, койсом өзүм билем. Анан тообо келтирбей мени сөгөт. Алла Таала айткан эмеспи: «Тузумду төкпө, шамалды сөкпө», – деп…



ЖЫЛКЫ БОЛГОН ӨГҮЗ


Зеңги баба уйдун тукуму, бир өгүз өзүнүн уй болуп жаралганына капа болчу экен. Сасык мурун уй дейт. Мындан көрө жылкы болсомчу. Алар таза болот. Күлүк келет. Мүчөсүда сулуу, – деп ойлонуп туруп, – мен жылкыларга кошулуп кетсем анан жылкыга окшоп да кетээрмин, – деп, жылкыларга кошулуп кетет.


Жылкылар оттосо оттоп, жуушаса жуушап, жүрө берет. Уйларды көрөйүн деген көзүжок, күндөрдүн бир күнүндө бир жетим кулунга карышкыр тиет. Карышкырды жылкылар тээп, өгүз сүзүп, эптеп аман алып калышат. Бир далайга жылкылардын жанында жылкы болуп жүрө берет. Күндөрдүн биринде карышкыр өгүзгө тиет. Жылкынын баары бирөө да карабай үрккөн бойдон кетип калат. Ылдыйкы сазда жүргөн уйлар, өңкүлдөп жүгүрүп келип, өгүздүн шайы ооп калганда карышкырды сүзүп өлтүрүп, өгүздүкуткарып калышат. Ошондо өгүз өзүнүн текебер кылып жаңылганын билген экен. «өз өлтүрбөйт, жат жалгабайт» деген сөз ушундан калыптыр.


ЧИЛДЕ


Уккан кулакта жазык жок. Кышты – токсон, чилде, беш тогоол, кемпир суук, жалама айран – дейт.


Кыргыздар өткөн заманда кыштыр-жайдыр тоону тоо билбей, зоону зоо билбей кыдырып турчу экен. Бир мергенчи болуптур.


Кайберенди үйүнө конок келсе өз малындай эле атып келип, коногун коноктоп жиберчүэкен. Күндөрдүн биринде кышында кийик атып келиш үчүн тоого чыгат. Кыдырып жүрүп, бир зоонун түбүндө кадимкидей эшик бар экен, мергенчи таң калат, карап калса бир сулуу кыз чыгып мергенчини көрүп, кайра кирип кетет. Мергенчи ого бетер таң калып: – Ой тобо ушул тоого нечен жылы кыдырып, коён жатагына чейин беш колумдай билем. Мындай эшикти көргөн эмес элем. Бул – бир керемет. Тобокел, кирейин, – деп мылтыгын октоп, бычагын да дайындап, оңтойлоп кирип барат. Кирсе кадимкидей эле үй, бир ак сакал салабаттуу карыя, бир кара мурут керилген жигит, беш жашар эркек бала болот. Мергенчи тартынбастан салам айтат.


үй ичиндеги карыя менен жигит алик алып, карыя:


– Кел, балам төргө өт, – дейт. Төрүндө кадимкидей эле оюлуу талпак кийиктин терисин жерге салган мергенчи отурат, үй ичи жылуу, анан сүйлөшө кетет. Карыя: «Жол болсун балам, кышында ак кар, көк музда коркпой жалгыз тоо кыдырып кыйын мергенчи окшойсуң», – дейт.


– Ооба, чоң ата, мен жаштайымдан ушул күнгө чейин кесибим мергенчимин. Насибим кайберендин эти. Ушул тоону нечен жылдан бери кыдырып түнөк кылып алдым эле, ой-кырын беш колдой билем. Бирок сиздердин үйдүбиринчи ирет көрүп, таң калып олтурам. Бул жерде улар гана жашоочу эле. Адам жашайт деп үч уктаса түшүмө кирген эмес. Сиздер кайдан ооп келген адамсыңар, – деп сөз салат. Ошондо карыя мындай деп жооп берген экен:


– Балам, таң калаарың эп. Сага түшүндүрөйүн. Биз кыштын ээси болобуз. Мен токсон карыя болом. үч ай жатып чыгып кетет. Мынабу жигит менин уулум – Чилде. Кырк күнүчыкылдап катуу суук болот эмеспи. Ушул туура, балам кырк күнүчыкылдап, суугун коё берип жатып чыгып кетет.


Мынабу беш жашар балам – «беш тогоол, беш тогоол өтпөй бел чечпейт» деген ушул. Аңгыча эшиктен бир байбиче кирет. Уулуна ачууланып: «Кыз эмчектүүкалды, кысырак жалдуу калды», эмне кыймылдабайсың, – деп кыйкырат уулуна. Колун чекесине серепчиле: – Кокуй татай бул ким, – деп мергенчини карап калат. Карыя сөзүн улап: – Бул менин байбичем, жанагы алма өрүктү, жер-жемишти үшүткөн кемпир – суук, тиги бала – менин кызым. Аш-Афран деген башындагы байчечекей көйнөгүкөпөлөк, жазындагы жалама айран ошол болот. Биздин өмүрдүн акыркы милдетибиз кыш ээси. Токсондон ашпаймын да, кемибейм. Балким, кырктан ашпайт да кемибейт, кичине балам бештен ашпайт. Аш-Афран да ошол эле калыбында, кемпирим болсо кыйкырып, бакырып, жер жемишти жеп кетет. Мергенчи көргөн көзүнө ишенбей дал болуп олтуруп калды.


Карыя Аш-Афран кызын: – Бул балага даам сун, – деп буюрат. Кызы эликтин туягына толтура айран куюп сунат. Мергенчи колуна алып ууртайын дегенде эле ээн жерде олтуруп калат. Баягы адамдар, баягы үй көздөн кайым болуп кетет. Бирок мергенчинин колунда туяк менен толтура айран калат. Мергенчи айранды түгөтө албайт. үйүнө көтөрүп барат. Туяктагы айранды бир айыл бүт ичип түгөтө алышпайт. Ошол туякты айраны менен үйүндө сактап коюптур дешет.



ЖАРАМАЗАН


Илгери орозонун күнүндө бай-манаптардын үйүнө кечкисин жарамазан айтып келип, бай-манаптарды мактап, мал алышчу экен.


Ассалоом алейкум жарамазан


Он эки айда бир келген орозожан.


Жарамазан айтып келдик эшигиңе,


Ак кочкордой бала берсин бешигиңе.


Ассалоом алейкумду ала келдик,


Көргөн менен билгенге салам бердик.


Сак-саламат байбача жаткан экен,


Жатып алып ак жолборс аткан экен.


Кыбыланын эшигин баккан экен,


Кылган иши кудайга жаккан экен.


Мартабаңды көтөрүп келип турмун,


Марттык кылып бир тыйын берер бекен.


Жарамазан айтып жүрүп ким тойгон бар,


Илгертеден келген салтты ким койгон бар.


Жарамазан айтканды кур кетирбей,


Байым эмес берген экен ак пайгамбар.


Кызыл короз, кый короз канатын көр.


Илгертеден өткөндүн санатын көр.


Кызыл короз, кый короз моюнун көр,


Илгертеден келаткан оюнун көр.


Коюң өссүн миң-миңдеп кут короодон,


Төөң өссүн ала-бата бүт шородон


Бакыт-дөөлөт кетпесин бай башыңдан.


үйүң өссүн төмөнкүбел сазыңдан,


Бакты-дөөлөт башыңа дагы консун,


Балтыр бешик балаңыз баатыр болсун,


Ак батамды аябай берип кетем,


Бергениңди жетелеп алып кетем,


Орозодо берди, – деп кайтып кетем,


Мартабаңды көтөрүп айтып кетем…



КЫЗ ТАНДАГАН ЖИГИТ


Тандадым тал-тал кара чачтууну, Жолуктум аарчыган пияз баштууга.


өткөн замандарда Баймурат деген байдын эки уулу болот. Улуусу – Карыбек, кичүүсү– Эркебек. Улуусу он алты жашта кезинде эле калыңын төлөп үйлөнтүп коёт. Ошентип келиндүүболуп, өзүнүн байлык дөөлөтүменен жакшы жерден өзүндөй бай куда-сөөк күтүп, жыргап жашап турганда келини уул төрөп чоң той берет. Той өткөндөн кийин эки уруу айылдын жигиттери эрегишип көкбөрүтартып, балбан күрөш оюнун баштап, күжүлдөп калышат. Карыбек ошол көкбөрүдө аламан байгеге чаап келе жатып, аттан жыгылып каза табат. Баймуратка катуу кайгы түшүп, аза күтүп мөгдүрөп калат. Келини жыл маалына чейин кайыш курчанып алдына аркан төшөп жатып, кара кан жутуп олтуруп калат. Жыл өтүп Карыбектин ашын бергенден кийин, илгерки салт боюнча, калыңды көп төлөп: «Атан өлсө тайлак бар, кому жерде калчу эмес», – деп он үч жашар Эркебекке жыйырма жаштагы келинин нике кыйдырып салат. Жаш келин кантет, ыйлап сыктап тагдырына баш ийип, кечинде Эркебек эрте эле эркек бала кыялы менен төргө же оттун жанына уктап калат. Келини көтөрүп көшөдөгүтөшөгүнө жаткырып, күйөөсүэмес эле кенже инисиндей мамиле жасап, жашай берет. Ошентип жылдар өтүп, Эркебек да эр азамат жетет. Баймураттын көпкөлөң уулу болуп, чыга берет. Шордуу жеңе аялы эми: «Эркебегим эр жетти, эл катары ойноп-күлүп жүрөм го» – десе: «Сени мен жесир алгам. өзүмдөн улуусуң, үстүңө жаш кыз алышым керек», – деп сабап кирет. Атасынын да кулак-мээсин жейт.


өлгөн уулуңдун катынын алып бергенсиң мен бала чакта. Мен: «Көрчүдеген ажынын сулуу Нуркыз деген кызын алам. Мага сарп кылбаган малыңды, байлыгыңды эмне кыласың» – деп, чырды сала берет. Атасы бир күнү: «Балам, Көрчүажынын кызынын кайыны бар. Аны ала албайсың. Жакшыдан калган керээз, сага карылык кылбайт. Агаңдан бир тукум төрөп берген. Сулу десең сулуу, эстүүдесең эстүү, теги жакшы, кесир болуп кетпесин», – деп насаат айтат.


Баласынын кулагынын сыртынан кетет:


– Ата шарият куранда, акыретте тиги дүйнөдө адам кыз алган жарына кошулат турбайбы. Акыретте бойдок калайынбы? Мендей байдын балдары үчтөн аял алып жатпайбы? Жалгыз уулуңдан малыңды аяп жатасың, – деп чыгып кетет. өзүнүн бир Сейит деген жан досуна барып:


– Кана, дос, жакшы ат камда, эртең экөөбүз эл кыдырып кыз көрөлү, – деп, акылдашып келет.


Эртеси эрте туруп, короодон бир ак мүйүздүүирикти шыйрактан алып, атасы жаткан чоң ак боз үйгө сүйрөп кирет да, койду кыбыланы баштантып:


– Кана ата, батаңды бер. Мен кыдырып, кыз көрүп келем. Анан сен барып сөйкө саласың, – дейт.


Атасы:


– Бул шумдук, мени карыганда кыйнайт экенсиң го, чык эшикке койду коё бер, өзүң жогол, – дейт.


Эркебек да ачуусу келип, койду буубай, көтөрүп чаап туруп, мууздап чыгып кетет. Баймурат бакырып кокуй наалат деп, ак көйнөк дамбалчан тура калат. Кой жанталашып, үйдүн ичинде чуркайт. Байдын кийимине бүт кызыл жаян болуп кан чачырайт. Аңгыча эл чогулуп калат да, байды ортого алат:


– Кой, бай, балаңдын эркине кой, ушунча байлыгың туруп, балаңды капа кылба, койду союп салалы да, бата берели, – дейт.


Ошентип ага-тууганы чогулуп, этти салып бышырып, бата берээрде, атасы мындай дейт:


– Балам, көз боочудай иш кылдың. Көз боочудай колукту аласың. Көздөгөн кызыңа жетпейсиң, болуптур жолуң ачылсын, – деп бата берген экен. Эртеси Сейит экөө жакшы ат минип, жасанып-түзөнүп чыгышат. Кыдырып жүрүп олтуруп, эрте бешим убакта бир айылдын четине чогулган элди көрүшөт. Экөө бастыра олтуруп жанына барса, тегеректеген көп киши ортодо бир киши бир төөнүчылбырынан кармап турат. Төөнүн төрт туягынын ортосунда бир жигит малдаш урунуп турат, бышкан койдун башын мүлжүп. Турган кишилердин баары баягы төөнүкарап тиктеп турушат. Четиндеги бир жигиттен Сейит сурайт:


– Ой, бул эмне чогулганыңар?


– Бир жигит бышкан койдун башын алып, мобу төөнүн оозун ачтырып, ичине кирип кетти, ушул башты төөнүн ичинен таптаза жеп чыгам – деди, жигиттин байгеси ушул төө.


Анда Сейит менен Эркебек каткырып жиберип:


– Ой силер ушул турган баарыңар сокурсуңар го. Төөнүн төрт туягынын ортосуна малдаш урунуп олтуруп, мүлжүп жеп атпайбы, – дейт.


Турган элдин баарына көрүнүп калат.


Көрсө, ал жигит турган элдин көзүн сыйкырлап дуба окуп, тыштан келген эки жолоочунун көзүн байлаган эмес, жигит төөнүалмак турсун өзүуят болуп тура калат. Ошону менен мөрөй эки жолоочунуку болот. Жолоочулардын жайын сурап бир байдыкына, кудайы конок болуп конуп калат. «Бул мырзаларга козу сойгула» – деп жакшылап коноктойт. Кечки кой саан убагы. Саанчы малайлары кой кармап, кой саап, бака-шака түшүп турган убагы. Ошондо сайма алачыктан бир бойго жеткен кедейдин кызы, өңүсерт кетирекей жаман тебетейин баса кийип, кой саап, козу кармап, тызылдап жүргөнүн көрөт да Эркебек өзүнүн кесир сөзүменен: «Ушу кызды да бир эркек алаар ээ», – деп шылдыңдап күлүшөт. Жаман тебетейин баса кийгенине караганда башы таз го байкуштун,– деп ого бетер күлүшөт. Ошондо Сейит: «Бирок өтө тың экен да татынакай жетим го» – деп сын берип коёт. Анда Эркебек:


– Мүчөсүн урайын, ушуну алган киши энесин алсын, – дейт. Так ошол айыл Көрчүажынын айылы болуп чыгат. Эки жигит ошол жерге, байыр алып келиндер менен таанышып калат. Көрчүнүн кызын качырып бергиле, сураганыңарды берели, – деп жалына берет. Анда келиндер айтат: «Кайдан калыңын төлөшкө кудуретиңер жетеби», – дейт. Эркебек: «Кудуретибиз жетет», – дейт. Келиндерге алтын акчалардан беришет. «Таш, ташты эриткен аш» дегендей алтын акчаларды алганда ар кандай амал ойлоп келиндер сүйлөшө баштайт.


Бир келин айтат:


– Тобокел, эптеп качырып иели, – дейт. Ажы акемдин кызын даап кантип качырабыз, бизди дарга астырып таштабайбы? – Келиндер Көрчүнүн кызына барып, сүйлөшө баштайт: – Кызыке, ушунда бир алтыны, акчасы көп эки мырза жигит келди, – дейт.


– Сенин болсо күйөөң келип-кетип жүрөт, жакында той күтүшөт ошол мырза жигиттердин бири көздөп келиптир. Биз андан алтын акча алып койдук. Сени бир жолуктуралы, бир эле жолу. Макул, кудалаган күйөөмдүкаалабайм деп кой. Эмки жуманын түнүала качып кет, – деп ошол жерди болжоп кой, кызыке, андан аркысын өзүбүзгө кой – деп жалынышат жеңелери. Кыз андай болсо: «Макул жеңелер, мени апам үйдөн чыгарбайт да» – дейт. Анда бир шум жеңеси: «Ал жеңемди мага кой, эртең кечинде сурап кетебиз» – дейт.


Ошол чечимге макул болушат. Келиндер эки жигитке сүйүнчүайтышат: – Эртең кечинде кыз менен жолуктурабыз, сүйлөшүп көргүлө. өз ыктыярыңар менен, – дешет.


Дагы акча, алтын алышып, шарактап жолго түшүшөт. Эртеси кечинде келиндер Көрчүнүн аялына барышат: – Жеңе, сулууке бийкечти конокко чакырып келдик. Эми жакында күйөөгө кетет. Бизге окшогон жеңелери менен кичине көңүл ачып, комуз кагып ойноп келсин да, – деп ой-боюна болбой жалынып жалбарып, алып кетишет. Эки мырза жигит келиндер болжогон жерде чыдамсыздык менен күтүп турушат. Бир убакта келиндер кызды жетелеп келишет. Көрүндүгүн чоң алышат. Көлөкөгө тон бычып сызга олтураарын текеберлүүэргул кайдан билсин. Ошентип кыз менен жигит бир топко сүйлөшөт. Нуркыз жеңелеринин үйрөтүүсүбоюнча кайындаган күйөөсүн каалабагандыгын, сиздей болсо гана деп бал тилге салып, эми жигит болсоң үч күндөн кийин ушул жерден качалы, – деп, убадасын берет. «Мен үчүн далай азап чегесиз го» – дейт.


Анда жигит: – Сиз жүр десеңиз кыяматтын тозогуна баруудан баш тартпас элем. Убадалашып кол алышып, эми түн караңгы болсун, жараган ат менен тынбай баруучу жерге бат жетчүдөй бололу. Жолдо сүйлөшөлү, – дейт, дагы келиндердин үйрөтүүсүбоюнча. Ошентип кош айтышып жолго түшөт. Нуркыз жеңелерине: «Силердин милдетиңерден кутулдум. Эми бул көпкөн немелериңерди желкемдин чуңкуру көрсүн» – деп күлүп каткырып үйүнө кетет. Ошентип Эркебекке үч күнүүч жылдай узун болот. Таң атса, кеч кирбейт. Жабдыгы менен күлүк ат камдайт. Келиндер да өз милдеттерин аткара баштайт. Баягы экөө шылдыңдаган Кундуз деген кедейдин жетим кызын жууп тарап, келишкен кийим кийгизип, бетине эндик упа жагып, үчүнчүтүнүболжогон жерге алып барып, Эркебектин калган-каткан акчасын шыпырып алып өтө шашылыш түрдө аткарып жиберет. Кундузга: «Кудай багыңды ачсын. Атка тың жүр, шартылдап астына жүр, жигиттерди караба, сүйлөшпө, өтө шашылыш жөнө да, эптеп үйүңө жет. Андан аркы таалайыңды көрө жатарсың», – дейт.


Бата берип, узатып жиберишет. Түнүменен күлүктөрдүн оозун коё берип, таң аппак атканда үйгө жетип түшүшөт. Эркебек караса эле башка кыз!


– Сейит, бизди кудай уруптур, эми эмне кылабыз. «Тандадым тал-тал кара чачтууну, жолуктум аарчыган пияз баштууга» дегендей баягы экөөбүз күлгөн тазды аткарышкан тура, – деп тегеренип калат. Кундуз кадимкидей эле көшөгөгө олтуруп, келген-кеткенге каада менен ийиле жүгүнүп сынынан жазбай олтура берет, Эркебек тайманбастан атасына, ага-тууганына мындай дейт:


– Ата, мени кудай урганда да мүйүздүүак ирикти сизден уруксат албай мууздаганда жаңылгам, эми кандай кылам. Көрчүнүн келиндери мени алдаган тура, – деп болгон ишти төкпөй-чачпай айтып берет. Атасы, жеңе аялы абдан сүйүнүшөт. Атасы, биринчиден, калыңды аз төлөйт. Экинчиден, эмгекке бышык татынакай эле келин болот. Улуу аялы андан сүйүнөт. Кол бала, мени менен басташпайт, өзүм тарбиялап, өзүм башкарам, – дейт. Атасы: – Эми балам, айныба. Казы, бийге барсак да жетимди кордогон жакшылык көрбөйт. Татынакай эле кыз турбайбы? Ак элечеги башынан түшпөй этегинен жалгап, оокатка тың болсо болду ургаачы топко сүйрөп, же жоо сайып бермек беле, же чырайын ичмек белең – деп баласын көндүрөт. Кундуз тың, сарамжалдуу байбичеси экөө ынтымактуу, элге эмгеги менен, күйөөсүнө өзүнүн таза жүрүш-турушу менен жагып, бактылуу үй-бүлө болгон дейт.



АРГАСЫЗ ТАБЫП


Илгери-илгери өткөн каардуу заманда алдуу-күчтүүлөр жашап, алсыздар бир башын тың бага албай, баш оогон жакка тентип кете берчүэкен.


Ошонун ичинен Самтыр деген бечара адам, жетим өсүп, өмүр бою байларга койчу болуп эптеп жүрчүэкен. Аял алганга алы жок. Же малы, үйүжок. Тилекке каршы, бир күнүкарышкырга бир тобун кырдырып иет. Ошол бойдон байдын коюн таштап качып кетет. Ошентип бечара Самтыр эптеп бөлөк бир элге барат. Ар кайсы үйгө кудай конок болуп, эптеп-септеп күн көрөт. Жашы отуздан ашып, кыркка таяп калган. Сакал, муруту өскөн. Жүдөңкүкиши. Ого бетер көзгө карыган болуп көрүнөт. Бир бай садага кылып бир эчки, чепкенин берет. Аны сүйрөлтүп кийип, колунда таяк, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жүрө берет. Бир айылдан экинчи бир айылга бара жатса бир атчан жигит катуу келе жатат, жигит: «Ассалоом алейкум», – дейт. Самтыр: Валекум ассалоом» – дейт. «Ой баатыр, кайда шашып бара жатасың», – дейт.


– Ушул жакта бир бай агабыздын баласы көптөн бери сыркоолоп, жөнүкпөй койду. Ошого табып издеп бара жатам, – дейт. Баягы Самтыр: «Эмне болсо ошо болсун деп, менин табыпчылыгым бар эле» – дей салат. «Ой, андай болсо жүр айланайын. Айыгар оорунун дарысы өзүтабылат», – деп жигит атынан түшө калат.


Баягы бечара Самтырды атка мингизип, өзүучкашып жөнөйт. Бейтап төшөктө жатат. «Жолдон бир киши табыпмын дегенинен сүйүнгөн бойдон атка мингизип алып келдим», – дейт.


үй-бүлөсүда сүйүнүп жерге төшөк салып, кабыл алат. Алдына ак дасторкон жайып дүйүм тамак коюп сыйлайт. Курсагын тойгузат. Самтыр сыр алдырбай табып болуп олтура калат. Тамакка тойгондон кийин эшикке чыгып, таза жуунуп, ичинен кудайга жалынып: «Кудай мени шерменде кылба башынан бактысыз жараттың эле,ушул кишини айыктыр. Ушундан шыпаа айт деп тилек кылып, үйгө кирип: «Эми мен дем салайын» – деп оорулуунун жанына барат. «Мен ичимен купуя дем салчу элем» – деп, баланын эне-атасы: Ой, айланайын бусурман эмне кылсаң да эмиң түшүп, балабыз сакайып кетсе болду» – деп жалынат. Ошондо Самтыр оорулуу баланын жанына олтуруп алып, оозуна келгенин оттоп дем салат. «Бисмилла рахман рахиим, арыш-барыш, курттун сөзүкарыш, суф-суф, көч-көч, суф-суф, көч-көч, суф-суф, көч-көч, суунун башы Сулайман, менден эмес кудайдан, тегерек баш кудайдан, суф-суф көч-көч, суф-суф көч-көч. Жумшак десең көккө бар, катуу десең жерге бар, адамзатта эмнең бар, суф-суф көч-көч, суф-суф көч-көч, суф-суф көч-көч. Бийик десең тоого бар, агыны катуу сууга бар, бул бечарада эмнең бар. Суф-суф көч-көч, суф-суф көч-көч, суф-суф көч-көч, – деп ушул демин баланын маңдайында жети күн катары менен айта берет. Ушул эле айтканын нечен ирет кайталап, жети күн дегенде оорулуу козголуп тыңый баштайт.


Же ишендиби, же өзүайткандай кудай ушундан шыпаа айттыбы, айтор, бала абдан айыгат.


Баланын эне-атасы табыпка бир сыйра таза кийим берип, ат мингизип чыгарат.


Ошондон улам кыйын табып болуп, эл чакырып, үй-жай, бала-бакыралуу болуп, өмүрүнүн акырына чейин табып болуп өткөн экен.


ТҮШ ЖОРУГУЧ БАЛЫКЧЫ


Илгери-илгери бир заманда бир момун абышка кемпири менен баласы жок, өмүрүнүн акырында көлдүн жээгинде балык кармап жан бакчу экен. Кемпири кайырмактын жибин даярдап берчүэкен.


өздөрүнөн ашкан балыктарын сатып, тамакка, кийим-кече алып эптеп күн көрчүэкен. Ошол элдин ханы элинин алдым-жуттум, ууру, бири-бирине кайрымсыз болуп баратканын байкайт. Капа болот. Элдин беймаза болбой, тынч болгону жакшы болот дечүэле, – деп элинин бир топ сакалдуу, кадыр-барктуу адамдарын чакырып тамак берет. Казан астырып эт бышырып, нан жасатып, чакырган-чакырбаганы баары келет. Тартиби жок тамактанышат, уурдай качканы да болот. Эл тараганда эчтеке калбайт. Жоокайдын короосундай болуп, дасторкондо бир үзүм нан калбайт. Казанда бир кашык шорпо жок, жутунуп дагы алайын деп чала мүлжүгөн сөөктөр, хан карап туруп, элимде ачарчылык каптап турган экен, – деп ойлойт. Бир күнүэртең менен хан элин жыйып, ак сакал, көк сакалдарын алдына отургузуп, мен түндө түш көрдүм түшүмдө эмне көргөнүмдүтаап туруп жоруп бергиле. Мөөнөт үч күн. Болбосо башыңарды алам, эгер тапсаңар, туура жорусаңар төп жоруганга алтындан сыйлык берем, – деп айтат. Элдин башы маң болот. Эмне кылыш керек, көргөн түшүн айтса жоруйт элек, кандай түш көргөнүн кайдан билебиз, – деп кыйналып эки күн өтөт. Эч ким таппайт. үчүнчүкүнүэртең менен бир тобу чогулуп, арасынан бир амалкөй абышка мындай дейт: «Эмне болсо дагы бая көлдүн жээгинде балыкчы абышканы айталы».


– Ханым таксыр, көлдүн жээгинде бир түш жоругуч абышка бар. Сиздин түшүңүздүошол абышка таап жоруйт, – дейт. Ханга айта баргыла, мен түшүн таап жорум берем» – дептир деп буюрбаган калпты айтып, жанталашып кутулуп кетишет. Хан: – Андай болсо ат жиберейин, – деп бир жигитинен ат коштоп жиберет. Барса абышка эчтеке менен жумушу жок, кайырмагын оңдоп отурган.


Ат коштоп келген киши: «Абышка, сени хан чакырып атат. Мобул атты минип бат бара кал» – дейт. Атты таштап кете берет. өмүрүндө хан эмес, карапайым киши да чакырган эмес. Балыкчы таң калып, кемпирине: – Кудая тобо, хандын менде эмне жумушу бар. Болбостур, кемпир, неси болсо да барайын. Минтип ат жибериптир, – деп жөнөп кетет. Абышка үйүнөн бир топ узаганда бир чоң ак таштын үстүндө бир акак жылан тикесинен туруп калат. Абышка чочуп караса, жылан кадимкидей кишиче сүйлөйт абышкага: – Ассалоом алейкум карыя, кайда баратасың, – дейт. – Ой, билбейм, хан чакырыптыр мобу минген атымды жиберип. өзүм да чочуп баратам, менде кандай жумушу бар экенин? – дейт. Жылан: – Карыя сизден түшүмдүтаап жоруп бергин, болбосо башыңды алам, – дейт. Сен: – Таксыр ханым, түшүңүзгө карышкыр кириптир деңиз, элиңиздин бирин бири чаап алып, алдуусу алсызынан тартып алып, ыйман жок алдым-жуттум болуп жатканы ошо, – деп айт. Ошондо хан сага ыраазы болуп, куржунуңа алтын салып берет. Келе жатканыңда ушул таштын үстүндө күтүп турам, мага бир мыскал алтын бере кет, макулбу? – Ой деле баарын берейин сага, өзүм аман-эсен кутулуп келсем болду. Андай болсо, – деп абышка убадасын берип, бастырып кетет. Абышка хандын ордосуна барса калың эл болуп хан күтүп турган экен. Абышка аттан түшүп, салам айтып, хандын маңдайына отуруп калат. Ошондо хан суроо салат: – Жанагы эл айткан түш жоругуч абышка сизби? Кана эмесе, ачык айтып ак сүйлө, түшүмдүөзүң туура таап, туура жоруп бер. Болбосо башыңды алам, – дейт. Абышка ордунан туруп: – Таксыр түшүңүзгө карышкыр кириптир, элиңиздин ынтымагы жок болуп, карышкырча кагышып, алдым-жуттум, ууру, каракчы болуп турганы ошондон.


Хан: «Баракелде абышка, туура таптың», – деп ыраазы болот. үрөйүучуп турган эл да сүйүнөт. Хан убадасы менен абышкага эки куржунга алтын салып берет. Баягы жиберген атын чалга берет да: «Карыя, ырахмат билгичтигиңизге, элим эми оңолуп кетээр» – деп узатып коёт. Абышка кубанычы койнуна батпай үйүнө келе жатса, баягы таштын үстүндө ак жылан турат. Абышка атынан түшүп, кичине алтынды колуна кармап жыланга сунат: ийрилип алайын дегенде, абышка жыланды өрмө камчысы менен жон талаштыра катуу чабат. Жылан алтынды таштап, ийрилип, ийнине кире качат. Абышка кайра куржунуна салат да үйүнө келет. Кемпири экөө алтындан сатып оңолуп, жыргап жатып калат. Күндөрдүн биринде хан абышканы дагы чакырат. Абышка кемпирине: – Кош бол, мен эми келбес жайга кеттим, – дейт. Мурунку жолу жолумдан бир ак жылан чыгып ошол айтып берген болчу. Келе жатканда кичине алтын бере кет деген. Келе жатканда алтын бермек турмак алтынымды кызганып, ниетим бузулуп, жыланды чала жан кылып сабап таштагам. Хан минтип кайра чакыраарын кайдан билдим. Эми мен эчтеке билбейм да, кайсыны айтам. өлсөм кудай ыйман берсин деп, ыйлап-сыктап кемпири менен коштошуп жолго чыгат. Келе жатса жолунда баягы таштын үстүндө баягы ак жылан дагы турат. Кадимкидей салам берет: – Карыя, кайда дагы бара жатасың? – деп сурап калат. Абышка уялган өңдөнүп, жер карап: «Дагы баягы хан чакырыптыр, – деп күңкүлдөйт. Жылан: – Эми карыя таксыр, түшүңө түлкүкириптир, элиң куу шум боло баштаптыр бирине бири мант берип алдап, бай-манапка кошомат кылып, жагып жалданган малай бечараларды жаман көргөзүп, ортого бузуку сөз ташып, чагымчыл болуп сизди беймаза кылып туруптур – деп айт», – дейт. Абышка сүйүнүп: – Макул айланайын, – деп жолго түшөт. Ошентип ханга барып. «Таксыр чакырыптырсыз, келип калдым. Дагы эмне дейсиз», – дейт. Хан: «Карыя, дагы түш көрдүм таап жоруп, конок бол», – дейт. – өзүң туура жүргөн касиеттүүкарыя экенсиң, – деп хан жакшы кабыл алат. Абышка салабаттуу, билимдүүболуп өзүн көрсөтүп, мындай дейт: «Таксыр, түшүңүзгө мурункудан кичине оңолуп, түлкүкирген экен, элиң карышкырдан кайтып, түлкүдөй мант берип, куу, шум, алдамчы, кошоматчы боло баштаптыр. Куулар бай-манаптарга кошомат кылып чагым-ушак жүргүзүп, бей-бечараны жаман көргөзүп, сизди дагы беймаза кылып турган экен. Бир күн акыр түбүоңолосуң», – дейт. Хан туура тапканына чоң ыраазы болуп: «Карыя тим эле олуя турбайсыңбы», – деп коноктоп, дагы алтын берип узатып коёт. Абышка кудуңдап үйүн көздөй жөнөп келе жатып баягы жыландан алтынын кызганып бөлөк жолго түшүп, түлкүчө мант берип, алдап кетет. үйүнө барып, мал сатып алып, байый баштайт. Оңолуп калган карыяга кошомат кылып, карабаган туугандары келе баштайт. Күндөрдүн биринде дагы хандан чакырык келет. Абышка катуу капа болуп: – Мен ит болгондо экинчи жолу жыланга кичине алтын берип эле койбой, эми эмне кылам. Эми кемпир, кош эми өлдүм, баягы жыланды экинчи жолу алдап кеткем. Эми кантип мага жолуксун, – деп кемпири менен коштошуп, ыйлап-сыктап жолго чыгат. Жолунда баягы ак таштын үстүндө баягы ак жылан дагы турат. Абышка жакындаганда эле салам айтат: «Карыя, дагы кайда бара жатасың?» – дейт. Абышка бул сапар катуу уялып, эмне дээрин билбейт. Калтырап: «Айланайын ак жылан, эми мага эчтеке айтпай эле кой, бир жолу өлөйүн сага эки жолу уят болдум. Алтыны жок балык кармап деле эптеп-септеп жашап келдим эле дүйнө бүткөн жеринде каат деген чын экен. Мен сенин жүзүңдүкарай албай турам», – деп ыйлап жиберет. Ак жылан эчтеке сезбегендей ханга мындай дегин дейт: «Сүйүнчү, ишиң оңолуптур. Түшүңө нан менен кой кириптир. Эми элиң нандай ырыс-кешиктүү, койдой ток пейил, коймаарек, момун, бирине бири кайрымдуу боло баштаптыр. Элиңдин ичине ынтымак кирип, ырыс-кешиктүүболушат экен. Эми мага алтындын кереги деле жок, өзүң да бактылуу жаша» – деп айткын дейт. Абышка сүйүнгөн бойдон барат. Хан мурдакысынан да мээримдүүкабыл алат. «Кел» – деп жанына отургузуп: «Мен бир жакшы түш көрдүм олуям ошону таап жоруп бер», – дейт. «Таксыр сенин түшүңө мен да кубандым – дейт абышка. – Түшүңө нан менен кой кирди. Элиңдин иши оңолуп, нандай ырыс-кешик дөөлөт күтүп, койдой коймаарек, тартып, момун, ыймандуу жакшы эл боло баштады. өзүң да көп жыл жашап эл сурайсың. Элиңде тынччылык болот, оомийин» – деп бата кылат. Анда хан айтат: «Эми олуям сага чоң ыракмат. Эмки алтынга ак сарай салдырып ал. Ошол көлгө кожоюн бол» – деп алтын берип узатат. Абышка келе жатып, баягы ак жыланга келип, алтындын бүт баарын алдына таштап, жыланды кучактап ыйлайт. «Айланайын ак жылан кечир, мендей келесоо абышканы. Ушул алтындын баарын ал. Мен куруюн» – деп ыйлап кечирим сурайт. Жылан аппак сакал карыя болуп калат. Сен менден кечирим суранба. Мен сенин бактыңды ачкан ак сакал аке болом. өмүрүңдүн акырына чейин балык кармап, жашап келдиң. өзүң момун бир бечара элең. Биринчи жолу хандын түшүнө карышкыр кирбеди беле. Сен да карышкыр болуп мени карс дедире белге бир чаап кетпедиң беле. Экинчи жолу хандын түшүнө түлкүкирбеди беле, сен да мени түлкүдөй алдап мант берип кетпедиң беле. үчүнчүжолу хандын түшүнө нан менен кой кирбеди беле, мына сенин да ичиңе ыйман кирип, кечирим суранып турганың ушул. «Элиң бөрүболсо бөрүбол, элиң түлкүболсо түлкүбол» деген накылдын төркүнүушул, – деп ак сакал киши көздөн кайым болгон экен…




МЕЛДЕШ


Илгери үч адам шаарга барып базарлап жүрөт: эки өзбек, бир кыргыз. үчөө сабиз, пияз, күрүч алышып, бир үйгө палоо басып жешмей болушат. Акчасын үчөө тең чыгарып, палоо басып сүйлөшүп туруп, эки өзбек өзүнчө сүйлөшөт. «Ушу палоону кыргызга бербей жесек», – дейт бирөө. Анда экинчи өзбек айтат: «Кантип алдайбыз» – деп, анан бирөө айтат: «Палоо бышканча уктайлы. Кимибиз жакшы түш көрсөк, ошонубуз жейли» – дейт. Бирок кыргыз билет экөөнүн кандай сүйлөшкөнүн, үчөө катар жатып, уйкуга кетет. Кыргыздын уйкусу келбейт. Эки жолдошу кадимкидей коңурук тартып уйкуга кетет. Кыргыз жигит турат дагы күрүчтүтаптакыр жеп алат. Кайра жатып уйкуга кетет. Казандын капкагын кадимкидей жаап коёт. Бир убакта эки жолдош туруп: – Ой бу кыргыз катуу уктап калыптыр. – Ээ, жолдош тур – дейт. үчөө жайбаракат отуруп, көргөн түштөрүн айта баштайт.


Биринчи өзбек жигит баштайт:


– Ой, мен түшүмдө колума аса-муса алып, башыма селде чалып, ак кийинип, канат бүтүп, асманга учуп атыптырмын – дейт.


– Ой-бой, жакшы түш экен. Кудай ишиңди оңдоп, мартабалуу, бактылуу адам болот экенсиң. Омийин, Усуп пайгамбарым колдосун. Түшүңүз бат келсин – деп, экинчиси жоруп берет.


Кыргыз жигит тай жеген бөрүдөй болуп олтура берет. Жоруган менен иши жок.


Экинчи өзбек жигит түшүн айта баштайт.


– Мен түшүмдө колума аса-муса алып, башыма селде салып, ак кийинип, жакшы намиркен кепич маасы кийиптирмин. Мекени көздөй бет алып жөнөптүрмүн.


– Биринчи жигит: «Ой-бой, түшүң жакшы экен. Сиздин да ишиңиз оңолуп, пайгамбар колдоп мартабалуу, бай адамдардан болот экенсиз. Омийин, Усуп пайгамбарым колдосун. Түшүңүз бат келсин, – дейт.


– Ии, кана, кыргыз жигит сен айт түшүңдү?


Кыргыз жигит кирет:


– Ээ бурадарларым, мен түшүмдө адегенде сиздин колуңузга аса-муса кармап, башыңызга селде чалып, асманга учуп кеткениңизди көрдүм. Андан кийин сиздин колуңузга аса-муса алып, башыңызга селде чалып, ак кийинип, жаңы намиркен маасы кийип кош айтышып Мекедилдеге кеттиңиз. үзөңгүжолдош болуп, мелдешип палоо бастык эле, экөө тең палоодон ооз тийбей кетти, кудай булардын жолун ачсын деп палоону мен жеп алдым – дейт.


Ошентип үчүнчүжигит жеңип кеткен экен…

<< Речь Главного Визиря Нужен манституционный Закон о мордобитии законовзятелей >>
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×