Өкмөттү өнүктүрүү программасы

8 Декабря 2011
Автор: Р.Жээнбеков

«ЖАҢЫ БАГЫТ» - ӨКМӨТТҮН ПРОГРАММАСЫ


2011 жыл


Преамбула


2010-жылдын апрелиндеги кайгылуу окуялардан кийин өлкөнүн тарыхында дагы бир өткөөл мезгил аяктады. Биз тарыхтын татаал сыноосунан өтүп, саясий мэйкиндикти турукташтырууга жетишип, парламентик шайлоону өткөрүп жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан биринчи жолу мамлекет башчысы бийлигин жаңы шайланган Президентке тынчтык жол менен өткөрүп берүүсүнө жетиштик.


Ошону менен катар биз 2012-жылы өлкөбүздө көп нерселерди жасоого тийиш экендигибиз анык болду. Кыргызстан 2012-жылга 21 млрд. сом таңсыктык менен кирип олтурат. Өлкөбүздүн өнүгүү стратегиясы кабыл алына элек. Кийинки жылга так жана аткарыла турган бюджет бекитиле элек.


ПРООНдун маалыматы боюнча 2010-жылы калкыбыздын 33,7%зы кедейчиликтин чегинде, ал эми 5,3%зы өтө кедейликте жашаган. Ал эми кедейлердин төрттөн үч бөлүгү айыл жерлеринде жашашат. Мында жумушсуздуктун чыныгы деңгээли өтө бийик – ал бир миллиондон ашык адамды түзөт. Буга өлкөбүздө татыктуу жана туруктуу иш таба алышпаган эмгек мигранттары да кирет. Алар өлкөдөн сырт жерлерде жашашат жана эмгек мигранттарынын трансферттер көлөмү бүгүнкү күндө жылына 1 млрд. долларды түзөт.


Көмүскө экономиканын көлөмү эксперттердин баамында өлкөнүн ИДПсынын 50дөн жүзгө чейинки пайызын түзөт, бул 2010-жылы 112 млрд. сомду түзгөн. Өлкөбүз Афганистандан КМШ өлкөлөрүнө келүүчү өзгөчө коркунучтуу баңги заттары өтүүчү негизги транзиттик пункттардын бири бойдон калууда жана бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Тажикстан аркылуу баңги заттарынын түндүк маршруттары боюнча алынып өткөн көлөм бүгүнкү күндө 20 млрд. долларга чейин бааланууда.


2011-жылы мамаппаратты кармоого чыгымдар 70 млн.дон ашык суммага өскөн жана бул чыгымдар 18 млрд.дан ашык суммада каралган.


Дээрлик бардык инвестициялык долбоорлор токтоп калды, инвесторлор көп кете баштады – бул бир катар факторлордун түздөн-түз таасиринен б.а. коррупциялык схемалар, лицензияларды сатуу, жергиликтүү калктын инвесторлорго ишенбөөчүлүктөрү, чечимдерди кабыл алууда ачык айкындуулук механизмдеринин жоктугу, саясий туруксуздуктан улам болууда.


Өлкөдө 20 жылдын ичинде рефлексиянын чен өлчөмдүү механизмдери иштелип чыгылган жок. Алардын жоктугунан бизде эмне окуялар болду, биз кимбиз жана кайсы багытта бара жаткандыгыбыз жөнүндө так түшүнүктөр жок.


Дүйнө жүзүндө улам күчөп бара жаткан экономикалык кризис жөнүндө көптөгөн көрүнүктүү экономисттер сөз кыла башташты, ал биздин өлкөгө терс таасирин гана тийгизээри анык. Ал баарыдан мурда салттуу түрдө бизге жардам берип жаткан өлкөлөрдөн келген тышкы жардамдардын кыскарышы менен түшүндүрүлөт. Бул жерде сөз түзүмдүк реформаларды жүргүзүү, өнүгүүнү ишке ашырууга багытталган жардам жөнүндө болуп жатат. Бул келе жаткан дүйнөлүк экономикалык кризис өзүбүздүн өнүгүүбүзгө байланыштуу маселелерди чечүүгө мажбурлайт дегендик.


Биздин мамлекетте мындай маселелерди чечүү үчүн ресурстар жетиштүү. Маселе алардын канча экендигинде эмес, аларды кантип башкаруу керек экендигинде. Андыктан, тышкы кыйынчылыктарга жооп бере турган биздин ички мүмкүнчүлүктөрүбүздү ал кыйынчылыктарга карама-каршы коюу аракетин көрүүгө тийишпиз.


Андыктан алдыбызда, өлкөбүздүн алдында көйгөйлөр көп. Ага жооптор өкмөттүн программасында чагылдырылган.


Максат: Өлкөнүн башкарылышын жана элдин бийликке ишенимин калыбына келтирүү жана жогорулатуу.


Өлкөнүн жана мамлекеттин алдында турган татаал милдеттер башкаруунун өзгөчө чараларын жана өкмөттү түзүү боюнча башка сапаттуу иштерди талап кылат.


Эл ишениминдеги Өкмөт төмөндөгүдөй так принциптердин негизинде түзүлүшү зарыл:


1. Мекенчилдик, Ата-журтка болгон сүйүү. Мекенчилдик сезиминен ажыраган өкмөт өз элинен, өз өлкөсүнөн тышкары калып, пайдасыз болот.


2. Мамлекеттик, улуттук кызыкчылыктарды так түшүнүү. Бийлик жеке кызыкчылыктар менен бүтүндөй коомдун кызыкчылыктарын алмаштырууга тийиш эмес.


3. Коррупцияга каршы реалдуу күрөш. Мамлекеттик башкарууга мурда коррупция фактыларына, мамлекеттик бюджеттин каражаттарын максатсыз пайдаланууга же өз кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдаланууга катыштыгы бар адамдарга жол бербөө керек.


4. Жекече жоопкерчиликти күчөтүү. Катардагы Кыргызстандыктар чиновниктер кетирген каталардан жана кемчиликтерден улам кыйынчылыктарга (жарыктарды өчүрүү азык-түлүккө ж.б. баалардын өсүшү) тушукпоого тийиш. Мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарына зыян келтирген адамдар сөзсүз түрдө алардын ээлеген кызматтарына карабастан саясий, кылмыш жоопкерчиликтерине тартылуусу керек.


Биз Өкмөттүн мыкты сапатынын кепилдиги катары талап коюучулук, жетекчилерге жана чиновниктерге карата коомдун сын мамилесинин болушун ар дайым талап кылышыбыз керек.


Коомдо төмөндөгүдөй үч башкы шартты сактоо менен чиновниктердин аракеттерине көзөмөл жүргүзүү жүзөгө ашырылышы мүмкүн.


1. Бир адамдын же адамдардын тобунун бийликти менчиктештирип алуусуна жол бербеген эркин саясий атаандаштык.


2. Эркин атаандаштык жана чындыкка, адамдардын аң-сезимине карата монополияга жол бербей туруп, программаларды, жалпыга маалымдоо каражаттарын тандоо мүмкүнчүлүгү.


3. Элдин кызыкчылыктарында экономикалык субъектилердин эркин атаандаштыгы.


Биз күрөшө турган жана чыныгы элдик башкаруунун, Кыргызстанда чыныгы демократиянын кепилдиги болуп кала турган мына ушул үч башкы эркиндик сакталганда гана ар бир жаран эркин, жоопкерчиликтүү, саясаттын өз алдынча катышуучусу боло алат.


Программанын артыкчылыктары.


• Өлкөнүн потенциалын дааналап баалоо жана ресурстарын прагматикалуу башкаруу.


• Мамлекеттик жөнгө салууну төмөндөтүү.


• Электрондук өкмөттү өнүктүрүү аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жетишүү жана маморгандардын электрондук ички документтерин жүгүртүүнү киргизүү.


• Өкмөттүн ишинин натыйжалуулугун, анын ачык-айкындуулугун жана калк алдында отчеттуулугун жогорулатуу.


• Жарандарды чечимдерди кабыл алуу процесстерине тартуу.


• Коррупцияга каршы күрөшүү.


1. Экономиканы башкарууну калыбына келтирүү.


Бүгүнкү күндө салыктарды жана жыйымдарды үч эсеге көбөйтүү менен бирге өлкө өтө көп бюджеттик таңсыктыктын шарттарында жашап жатат, ал таңсыктыктар карыз алуунун эсебинен улам жабылууда.


Өкмөттүн экономикалык блогу бир башкаруу борбору аркылуу бирдиктүү күчкө бириктирилүүгө тийиш. Бул баарыдан мурда реалдуу секторго жана экономиканы пландаштырууга жооптуу министрликтер менен ведомстволор. Экономикалык тескөө министрлиги бардык ведомстволор үчүн бирдиктүү борбор болууга тийиш жана ал Экономиканы пландаштыруу жана тескөө боюнча мамлекеттик комитет болуп кайра түзүлөт.


Каржы блогу фискалдык түзүмдөр менен бирге Мамлекеттик финансы комитетине бириктирилмекчи, ага тиешелүү иш милдеттер артылуу менен финансы полициясы баш ийдирилет.


Өкмөттүн социалдык блогу Социалдык өнүктүрүү жана эмгек боюнча мамлекеттик комитетке бириктирилет. Комитеттин тейлөөсүнө социалдык коргоо, билим берүү жана эмгек иштерине жооптуу түзүмдөр кирет.


Бүтүндөй дүйнө жүзүндө экономикадагы артыкчылыктуу багыттар дайыма өз алдынча институттар аркылуу камсыздалат. Мындай багыттар көп эмес, бирок аныктама боюнча да көп болушу мүмкүн эмес. Биз аларды аныктап, ирээттүү колдоого көрсөтүү менен мыкты шарттарды төзөбүз. Бул биздин экономиканын локомотивдери болуп саналат.


Тактап айтканда төмөндөгүлөр түзүлөт:


• Жеңил өнөржай министрлиги;


• Туризм министрлиги;


• Тоо-кен өндүрүү жана металлдарды кайра иштетүүчү министрлик;


• Энергетика жана отун ресурстары министрлиги.


Аталган баардык артыкчылыктуу министрликтердин башында Инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитет турат. Бул багыттардын жарымы өлкөнүн потенциалын өздөштүрүүдө ресурстук мүмкүнчүлүгү өтө чоң багыт болуп эсептелет жана көптөгөн инвестициялар талап кылынат, ал эми калган жарымы кичи жана орто бизнестин эсебинен иш алып барышат. Аларга жеткиликтүү чакан кредиттер жана аларды тышка чыгарууга колдоо талап кылынат. Калган бардык мамлекеттик органдар өздөрүнүн ар бир кадамын ушул ведомстволор менен макулдашууга тийиш.


Өкмөттү түзүү механизмдери жана анын ишинин технологиясы


Ар бир ведомствонун биринчи жетекчиси өзүнүн пикирлеш – кесипкер командасы менен бирге дайындалат. Демек, натыйжа үчүн жекече жоопкерчилик ишке ашырылат. Мунун механизми өтө жөнөкөй – бир жагынан бул алдын-ала бекитилген критерийлерге ылайык үзгүлтүксүз отчеттуулук. Экинчи жагынан, эгерде ведомство калк менен иш алып барса, анда коомдук пикирди туруктуу эсепке алуу механизми киргизилет. Алардын натыйжасы эске алынуу менен министрликтердин жана ведомстволордун иштери жөнгө салынат жана эгерде иштин зарыл көлөмү жана сапаты аткарылбаса менеджерлер командасы иштен четтетилүүгө чейин чаралар көрүлөт.


Ишке так мамиле жасоо жандандырылат, б.а. Улуттук долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.


Мамлекеттик ресурстар төмөндөгүдөй долбоорлорго багытталууга тийиш:


1. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу. Аны курууга кетүүчү чыгымдардын кыйла бөлүгүн Кыргызстан өзү каржылай алат. Бул максатка «Центерранын» акцияларын сатуудан түшкөн каражаттарды багыттай алабыз. Ушул өңдүү эле дагы бир долбоор – Балыкчы-Кара-Кече темир жолу сөзсүз түрдө ишке ашырылат. Күйүүчү-майлоочу материалдар туруктуу түрдө кымбаттап жаткан шартта өлкөнүн отун ресурстар потенциалы максималдуу пайдаланылышы керек.


2. Көмүрдү кайра иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруу. Бул багыт перспективалуу болгонуна карабай четке кагылып келген. Бизде көмүрдүн запасы өтө көп болгондуктан сырттан сатып келген күйүүчү-майлоочу материалдардын олуттуу бөлүгүн көмүр аркылуу камсыздай алабыз. Андыктан бул долбоорго тийиштүү илимий мекемелер да тартылышы керек. Бул иштер баардык зарыл нерселер менен камсыздалат. Анткени Кыргызстан тышкы саясаттагы коньюнктуралык кырдаалдан көз каранды болбоого тийиш.


3. Жогорку Нарын жана Сары-Жаз сууларындагы каскаддардын курулушу. Кытайдын электр энергиясына болгон суроо-талабы жылына 10%дан кем эмес ылдамдыкта өсүүдө. Алардын энергия кубаттуулугу негизинен көмүргө таянат. Андыктан бул иш пайдалуу болоору шексиз. Мындан башка дагы бир вариант катары алюминий заводун айтса болот. Бүгүнкү күндө Тажикстандын алюминий заводу бүт өлкөнү багып жатат. А биз мунун арты менен экспорттук корзинабызды диверсификациялап алабыз.


4. Ички энергетикалык түйүндү аягына чыгаруу


Экономиканы колдоонун укуктук механизмдери


Рынок экономикасы негизинен үч принципиалдуу маселеден кө каранды:


1. Жеке менчиктин кол тийбестиги;


2. Келишимдик укуктун бузулбастыгы;


3. Эркин атаандаштык.


Өкмөттүн узак мөөнөттү программасынын өзөгүн ушул үч маселе түзөт, ал дүйнөлүк масштабдагы экономисттердин катышуусу менен иштелип чыгат. Бирок биз бардык эле жерде мамлекет эркин атаандаштыкты камсыз кылбай тургандыгын эске алууга тийишпиз. Рыноктун эрежелерине байланышкан маселелер бар. Ал жерде Өкмөт активдүү позицияны кармап, жөнгө салуу каражаттарын колдонот. Албетте, анын баары так регламенттин жана ачык-айкындыктын негизинде болот.


Эмгек укугу жөнүндө өзүнчө сөз кылуу керек. Эмгек мыйзамдарын либералдаштыруу зарыл. Бардык укуктук мамилелер эмгек келишимдерин иштеп чыгуу менен бекемделүүгө тийиш.


Эми жеке менчик жана келишим укугу жөнүндө. Бул чөйрөдөгү өтө жагымсыз кырдаал соңку тарыхыбыздын биздин экономикага калтырган мурасы болуп калды окшойт. Бирок негизгиси мурунтан келаткан укук коргоо жана сот системасынын бузулуусунун кесепети болуп отурат.


Бийликтин сот бутагы Конституция боюнча көз карандысыз болуп саналат, ал эми Өкмөт ага эң аз өлчөмдө гана таасир тийгизе алат. Буга байланыштуу Өкмөт соттордун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнүн адекваттуу механизмдерин камсыз кылуу аркылуу сот корпусун максималдуу ачык жана объективдүү түзүү өтүнүчү менен Парламентке жана Президентке кайрылып жатат. Арбитраждык сотторду калыбына келтирүү Өкмөттүн бул багыттагы дагы бир демилгеси болмокчу. Экономикалык талаш-тартыштар маселеси башка иштерден өзүнчө каралуусу керек. Экономикалык укукту өнүктүрүү приоритет болууга тийиш. Натыйжада иштерди кароонун тездиги бир эсеге төмөндөш керек.


Укук коргоо органдарындагы кырдаал да өзүнчө маселе. Бир жагынан алганда алар авторитардык башкаруунун жылдарында оппозицияны куугунтукка алуу каражатына айлануу менен өздөрүнүн кадыр-баркын бир топ төмөндөтүп алышты. Бүгүнкү күндө укук коргоо системасынын орто жана төмөнкү звеносу эбегейсиз ыйгарым укуктары бар жана дээрлик көзөмөлгө алынбаган массага айлангандыгын моюнга алуу керек. Айрым учурларда, алар судьялар менен өз ара келишип алып абсолюттук бийлик жүргүзүп калууда. Жаңы Өкмөт укук коргоо тармагын координалдуу реформалоого барып, алрдын катарын тазалоо боюнча сунуш киргизүүнү пландаштырууда. Укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жаңы механизмдери иштелүүдө, алардын иш милдеттери мурдагыдай бирин-бири кайталабастан так чектелмекчи.


Бул контексте алып айтканда жарандардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу принципиалдуу маселе болууда. Укуктук өнүгүү концепциясы иштелип жатат, жана анын алкагында адам укуктарын жана милдеттерин калк арасында кеңири жайылтуу боюнча масштабдуу программалар да ишке ашырылмакчы.


Экономиканы өнүктүрүүгө таасир тийгизүү максатында укук коргоо органдарына ишкерлик субъектилерин текшерүүгө толук тыюу салуу Өкмөттүн алгачкы демилгеси болмокчу. Прокуратуранын визити (пландык) же милициянын (ОБЭП), финполициянын текшерүүлөрү ишкерлик аракеттерди бир жумадан бир айлык мөөнөткө чейин толук токтотуп коюп жатат. Бул практиканы токтотушубуз керек.


Текшерүү механизми жөнгө салуу жана тике текшерүүлөрдү минималдаштыруу максатында координалдуу иштер каралмакчы.


2. Аймактык өнүктүрүү жөнүндө


Өлкөнүн региондук бөлүнүүсү факт болуп калды. Көпчүлүк коалициясындагы партиялардын ич ара ыйкы-тыйкысы саясий кырдаалды эле курчутпастан бул маселени да ого бетер тереңдетти. Бул маселенин тамыры коалициянын ичиндеги талаш-тартыштардан же кимдир бирөөлөрдүн кесипкөй эместигинде эмес, тереңде жатат.


Бирдиктүү өлкө өз мүмкүнчүлүктөрү жана генетикасы боюнча салыштырмалуу бирдей региондордон турууга тийиш. Ар бир регион адамдары жана чарбалык тутуму менен айкалышып, башкалардан айырмаланып турат. Өлкөлүк масштабдагы тармактарды түзүү жана көбөйтүү менен гана биз өлкөнү бир бүтүн организмге айланта алабыз. Мындай тармак биздин өлкөдө азырынча бирөө гана – маселен, бүткүл өлкө бирдиктүү телекоммуникациялык мейкиндикке бириккен. Бирок ал да пайдаланылбай жатат – Баткендиктер Ысык-Көлдө же Нарында болуп жаткан окуяларга сын көз менен карабайт жана беркилер да Баткендегилерге ошондой эле мамиле жасайт. Себеби алар тиги региондор менен эч кандай чарбалык мамиле түзгөн эмес. Дал ушундай региондор аралык байланыштарды түзүү региондук өнүгүүнүн приоритети болмокчу.


Азыр административдик-аймактык түзүлүш концепциясы даярдалууда. Өкмөт бул маселеде – бизге башкаруу звенолорунун эң аз болуусу зарыл. Башкаруунун областтык деңгээли кыскартылууга, ал эми учурдагы райондор ирилештирилүүгө тийиш. Бирок, экономикалык райондоштуруу принцибин негиз кылуу аймактык түзүлүштөгү принципиалдуу нерсе болуусу керек. Жалпы чарбалык комплекси бар аймак өзүнчө бир түзүм болмокчу. Тигил же бул аймакты андай түзүмгө кошуу жөнүндө чечим экономикалык зарылчылыктын негизинде кабыл алынууга тийиш.


Өкмөт жашоонун, жүрүм-турум стандарттарын, бирдиктүү нормаларды тереңдетип жана андан ары көбөйтө турган Өнүгүүнүн аймактык борборлорун түзүү программалары ишке ашырат. Каракол, Нарын, Ош (балким Жалал-Абад) ошондой борбор болуп калуусу мүмкүн. Алар реалдуу түрдө өз аймактары үчүн маданий, экономикалык, социалдык борборлору болуусу үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыздалат.


Транспорттук байланыштын мүмкүн болушунча ар кыл түрлөрүнөн тарта экономикалык алаканы күчөтүү өңдүү чаралар мындай борборлорду өнүктүрүүдөгү принципиалдуу милдет болуп саналат. Бул өз кезегинде өлкөнү бир организмге айландыруу милдетин аткарат.


Өлкөнүн Түштүгүн калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу өкмөттүн өзгөчө багыттуу демилгеси болмокчу.


3. Социалдык өнүгүү жөнүндө


Биз социалдык баалулуктарга таянган башкача айтканда мүмкүнчүлүктөрү чектелгендердин баарынын алдында жоопкерчиликти мойнуна алган өлкө куруп жатабыз. Жардамга муктаждарга кам көрүү айдан ачык маселе. Бирок ошол эле убакта бул максатта коротулуп жаткан мамлекеттик ресурстар салыштырмалуу алганда өтө жогору болууда. Өтүп бараткан жылдын бюджетинин 20 % социалдык милдеттенмелер түзөт. Бул жерде монетардык эмес жеңилдиктердинда көлөмү зор. Мындай абалды өзгөртүү керек.


Жеңилдиктердин мүмкүн болушунча көп түрү акчалай берилет. Жеңилдик алуучулардын категориялары кыскартылат. Алыбек алына жараша болгону жакшы.


Бардык жерде каржылоонун адам башына эсептелген принциби колдонулат. “Өлүк жандарды” болтурбоо үчүн көзөмөл механизмдери киргизилет.


Социалдык кызматтардын маалыматтар базасы компьютерлештирилет жана жарандар өлкөнүн каалаган бурчунда керектүү кызматтардын баарын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл.


Бул өңүттөн алганда Өкмөт каттоо (прописка) институтун жокко чыгарууну демилгелейт. Мамлекеттик органдардын бирдиктүү электрондук маалыматтар базасы бул эскирген институттун зарылдыгын жокко чыгарат.


Билим берүү – бул бир канча жылдардан кийин өзүн актай турган инвестиция. Бүгүн өлкөнүн тең жарымы эмгек мигранттарынын которгон акчаларынын эсебинен жашоодо. Алар билими жана сабаттуулук деңгээли салыштырмалуу жогору болгондуктан атаандаштыкка жөндөмдүү болууда. Алардын талап кылынып жаткандыгынын себеби ушунда. Билимдүү, кесипкөй, атаандаштыкка жөндөмдүү адамдар биздин өлкөнүн негизги капиталы болуп саналат. Алардын компетенциясына жана билимдерине инвестицияларды жасоо зарыл.


Билим берүүдөгү мектеп программалары кайра каралып чыгат. Орто билим берүү милдеттүү болот. Эң төмөнкү программада зарыл болгон тилдик даярдыкты камтыйт жана аймак үчүн адистештирилет. Андан тышкары программаны мектеп окуучусу өз алдынча окуганга ылайыктап кайра түзүү зарыл.


Кыргызстанда жогорку билим алгандарга суроо-талап жаратып, иш менен кмсыздаган логикалык чынжыр жок. Биздин жогорку окуу жайларда чет өлкөлүк студенттер билим алып, улам жаңылары келип жатат. Бирок жыл өткөн сайын билим сапаты төмөндөөдө. Буга кадрлардын объективдүү кетүүсү, жогорку окуу жайларда башкаруу өтө начар болгондугу себеп болууда.


Өкмөт бул багытта жогорку окуу жайларды менчик компанияларга берип, ошол эле маалда билим сапатына болгон талапты күчөтүү боюнча демилге көтөрөт.


Эмгек рыногуна жана чет өлкөлүк студенттердин суроо-талабына жараша мамлекеттик заказ берилет. Учурда жогорку окуу жайлар коммерциялык кыйынчылыктарды тартпайт, келечекте да ошондой болот. Бирок, алар өзүн өзү камсыздоо боюнча милдеттерди аткарууга тийиш. Бул жогорку билим тармагын каржылоо объективдүү зарыл болгон деңгээлде гана болот деген сөз.


Мамлекеттин саясаты саламаттык сактоо саясаты спорт саясат менен тыгыз айкалышат. Дене тарбиясы аркылуу медицинага кеткен чыгымдарды төмөндөтө алабыз. Сергек жашоону пропагандалоо бул багыттагы программанын негизи болот. Ар бир айылда, шаарлардын ар бир короосунда спорт аянтчалары курулуп, спорттун массалык түрлөрү үчүн базалык шаймандары менен камсыздалат. Өкмөт спорт секцияларын каржылап, ар бир каалоочу үчүн акысыз кылат. Мунун баарын медицинаны каржылоого чыгымдалып жаткан каражаттардын эсебинен жабууга болот.


Спорттогу жогорку жетишкендиктер саясаты зарылдык принцибине таянат. Жогорку жетишкендиктердин спорту мамлекет тарабынан шексиз талант же спорттун массалык түрлөрүн пропагандалоо менен байланышкан учурда гана колдоого алынат.


Бул багытта медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапатын арттыруу боюнча бир нече долбоорлор иштетилет. Татаал рельефти жана транспорттук кыйынчылыктарды эске алуу менен телемедицина массалык түрдө колдонулат. Ар бир областтык борбордо заманбап комплекстүү медицина борборлору курулат.


Бейтапканаларда жаш балдарды жана чоң адамдарды медициналык тейлөө эки бөлөк кылуу зарыл. Бул чыгымдарды талап кылат, бирок эбак бышып жетилген маселе жана мына чыгымдардын көзүнө карап отурбоо керек.


Биз медициналык кызматтар рыногун мүмкүн болушунча либералдаштырууну пландаштырып жатабыз. Керек болсо кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көзөмөлдөө иши да жеке тараптарга берилиши мүмкүн.


Өкмөт маданий өнүгүүнү айлана-чөйрөгө болгон мамиле катары өтмө категория деп кабылдайт. Көчмөнчүлүктүн негизинде калыптанып, Батыш менен Чыгышты айкалышыштырган уникалдуу маданиятыбыз бар. Сапарыбызды улантууга зарыл сапаттарыбызды сактап, ал эми ашыкча архаизмдер жокко чыгышы кажет.


Мамлекет таланттуу жаштарга колдоо көрсөтөт. Маданий агартуу боюнча мамлекеттин аракети менен эриш аркак иш ашып баргандар да колдоого алынат.


4. Коррупция менен күрөшүү жөнүндө


“Forbes” журналынын изилдөөлөрү боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү эң коррупциялашкан 4 өлкөнүн бири. Transparency International уюмунун индекси боюнча 178 мамлекеттин ичинен 166-орунду ээлейт. Коррупция экономикалык өнүгүүгө тоскоол болуп, каржылык туруктуулукту ыдыратып, мамлекеттин өз элине жана компанияларга кызмат көрсөтүү деңгээлин төмөндөтөт. Коррупциялашкан саясатчылар өз таасирин пайдалануу менен бизнеске салык төлөөдөн качууга жардам берип, атаандаштыкты өнүктүрүүгө бут тосууда жана тиешелүү мамлекеттик институттар менен иштөөдө терс көрүнүштөрдүн регулятору болууда.


Премьер-министр коррупция менен күрөшүүнү өз өкмөтүнүн негизги багыты кылууга тийиш.


Бул багытта өкмөт үчүн туура жол – бул коомчулукка коррупциячылар менен чыныгы күрөшкө багыт алгандыгын, аларды түрмөгө камап жана активдерин чейин жетүүгө белсенгендигин билдирүүсү.


(1) Өз бийлигин көрсөтүп, жаңы өкмөт мамлекеттик системадагы коррупциячылар менен өтө катуу күрөшүп, камап жана куугунтукка алуусу жөнүндө коомго белги берүү. Бул учурда транспаренттүүлүк, ачык-айкындуулук камсыздалуусу кажет, антпесе саясий куугунтуктар жөнүндө сөз болуп калуусу мүмкүн. Андыктан өкмөт төмөнкү 2 багытты чыңдоого тийиш:


1) өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо жана ошол эле маалда жергиликтүү деңгээлдеги реформаларды улантуу;


2) төмөн турган өкмөттүк түзүмдөрдүн отчеттуулугун колдоо.


Антикоррупциялык кампания Бүткүл дүйнөлүк банктын жалпы стратегиялык жардамына интеграцияланып, антикоррупциялык комиссиянын жана анын координациялык кеңешин чыңдоо максатын көздөөгө тийиш. ИИМ адекваттуу ресурстар менен камсыздалып, транспаренттүүлүктү камсыз кылуу үчүн каржылоо Финансы министрлиги эмес, парламент тарабынан түздөн-түз жүзөгө ашырылууга тийиш. Жогорку Кеңеш коррупциянын бетин ачуу жана парламенттик угуулар менен көпчүлүккө жеткирүү аркылуу эффективдүү болуусу кажет. Парламент урунттуу мыйзамдар менен тескөөлөрдүн жол-жоболорун текшерүүгө жана аларды шайкеш келтирүү боюнча иштөөсү зарыл. Парламенттин коррупция жана бюджет боюнча комитеттери өңдүү институттар коррупциянерлердин бетин ачууда маанилүү роль ойношу керек.


Отчеттуулукту текшерүүчү институттардын башына өтө жөндөмдүү адамдар дайындалат. Көз карандысыз саясий талкуулар жана колдоолор таза өкмөттүн аспаптары болууга тийиш. Интеграциялануу жана автономдуулук терең тамыр алып кеткен коррупциялык жана патронаждык байланыштарды чечүү маселесинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.


Мындан сырткары алардын кызматтык милдеттери такталып жана адекваттуу ресурстар менен камсыздалуусу зарыл. Иликтөөдөн эч ким бошотулушу мүмкүн эмес. Негизги аракеттер милиция, каржы полициясы, прокуратура, салык жана бажы кызматтары өңдүү күчтүү бийлиги бар министрликтерге багытталышы керек.


(2) Жарандык секторду тартуу


Жарандык сектор Кыргызстандын күчтүү секторлорунун бири, андыктан антикоррупциялык кампанияны күчөтүү үчүн өкмөт жергиликтүү бийлик жана бейөкмөт уюмдар аркылуу коомчулуктун катышуусунун эффективдүүлүгүнө басым жасоого тийиш.


Саясий, экономикалык чечимдерди жана бюджетти кабыл алууда ачык-айкын талкуулор камсыздалуусу кажет.


Донорлор жергиликтүү бийликтин ишине баа берүү, алардын чыгымдарын мониторингге алып, тартип бузуулар боюнча бюллетендерди жарыялоо боюнча иш жүргүзгөн бейөкмөт уюмдарды колдоого тийиш. Өкмөттүк көзөмөл маалымат технологияларын колдонуу менен массалык маалымат каражаттарында жарыяланат. Мында эркин массалык маалымат каражаттарын колдонууну көбөйтүү зарыл.


(3) Институционалдык өзгөрүүлөрдү жүргүзүү


Антикоррупциялык саясатты ишке ашырууда институционалдык маселен, административдик, салык жана банк тармагындагы, ошондой эле табигый монополияларды реформалоо өңдүү өзгөрүүлөрдүн принципиалдуу мааниси зор.


Административдик реформанын максаты – жооптуу, компетенттүү жана калкка эффективдүү кызмат көрсөткөн мамлекеттик бийлик системасын түзүү. Административдик реформаны жүргүзүү үчүн, биринчиден, мамлекеттик кызматты модернизациялоо зарыл. Экинчиден, ведомстволордун милдеттерин укук берүүчү, укук колдонуучу, көзөмөлдөөчү, кызмат көрсөтүүчү деген принциптерге таянып бөлүштүрүү керек. Үчүнчүдөн, мамлекеттик функцияларды аткарууну оптималдаштыруу жана модернизациялоо зарыл.


Мамлекеттик кызматтын ишмердиги жарандык коом үчүн ачык-айрым болууга тийиш. Бул мамлекеттик кызматтардын үстүнөн коомдук көзөмөл орнотууга шарт түзөт. Мамлекеттик кызматты модернизациялоонун маани-маңызы да так ушунда. Коомдук көзөмөлдүн арты менен мамлекеттик кызматтагы коррупциялык жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланган жагдайлардын бетин ачып, ашкерелеп, кайталануусуна жол бербөөгө жетише алабыз.


Бул өңдүү жаңылануунун баары мамлекеттик органдардын жана кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөт. Бул жерде жарандардын алар көрсөткөн кызматы менен канааттануусу критерий катары кызмат кылат. Чиновник элге кызмат кылууга тийиш – бул коомдун талабы.


Заманбап салык реформасы – бул салык төлөөчүлөр үчүн салыктын баардык түрлөрүн жыйноодогу ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу чаралардын системасы. Бул жерде салык төлөөдөн баш тарткандар үчүн антистимулдарды ишке киргизип, керек болсо алардын ишмердүүлүгүн катуу чектөөгө чейин баруу зарыл. Салык жүгүн оптималдуу деңгээлге түшүрүүгө шарт түзүү керек. Салык системасы жаңы жумуш орундарын түзүүнү, өндүрүштү, чакан жана орто бизнести стимулдаштырып туруусу кажет. Салык кызматтарынын эффективдүүлүгү, коррупцияны жокко чыгаруу маселеси салык реформасынын негизин түзмөкчү. Бул маселени алардын ишинин ачык-айкындуулугунун негизинде гана ишке ашырууга мүмкүн.


Каржы секторунун реформасы мамлекет тарабынан коррупциялык шарттарды жокко чыгаруу боюнча тез арада чара көрүүнү талап кылат. Андыктан бухгалтердик эсептерди жүргүзүүдө финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына өтүү менен кредитттик мекемелердин ачык-айкындыгын камсыздоо зарыл.


Кредит алуучулардын тарыхы жөнүндө малымат чогултуу боюнча иштерди жүргүзүп жана милдеттенмелери боюнча кредиттик мекемелердин кожоюндардын жоопкерчилик маселесин мыйзам талаптарын киргизүү зарыл. Аманатчылардын банк системасына болгон ишенимин калыбына келтирүү, анын ичинде банктарды калк үчүн кепилдик бере турган системага киргизүү боюнча иштөө принципиалдуу мааниге ээ. Тилекке каршы көпчүлүк менчик банктар мындай ишеним үчүн иштөөнү билбейт, билсе да каалабайт. Андыктан мындай шартта элдин көбү өз каражатын сактоо үчүн мамлекеттик ири банктарды тандап жатат. Ал эми жеке менчик банктар мындай конкуренцияга туруштук берүү үчүн өзүнүн корпоративдик башкаруусун жакшыртып, ачык-айкындуулук принциптерине таянуусу зарыл.


Натыйжалар:


• Программаны ишке ашыруунун натыйжасында туруктуу экономикалык өсүшкө жете алабыз, орто эсеп менен жылына ИДПнын 8% кем эмес көлөмдө болот. Жакынкы 10 жылдын ичинде улуттук экономиканы эки эсе көбөйтүү маселеси чечилет.


• Экспорттун көлөмү 5 жылдын ичинде 2 эсеге көбөйөт. Бул алтындын жана чийки зат товарларынын эсебинен эмес, даяр продукциянын эсебинен ишке ашат.


• Туризм тармагынын ИДПна болгон салымы 10%га чейин жетет.


• Көмүскө экономика 5 жылдын ичинде эки эсеге азаят.


• Жыл ичинде биз административдик-территориалдык реформа жүргүзүп, жер-жерлерде ийкемдүү жана мобилдүү мамлекеттик аппаратты түзөбүз


• Жакынкы 5 жылдын ичинде бюджеттик дефицит ИДПнын 2-3%нан ашпаган деңгээлге чейин кыскарат. Жакынкы аралыкта биз активдүү инвестициялоого тийишпиз, андыктан экономика инвестициялык багытка өткөн шартта дефициттин жогорку деңгээли демейки көрүнүш катары саналат.


• Пенсиянын жана бюджеттик кызматкерлердин эмгек акыларынын орточо көлөмү жашоо минимумунан кыйла жогору болот, мунун негизинде адамдар аманат топтоп, инвестицияларды жасай баштайт.


• Биз каржы инфраструктураларын, элдин акчаларын тартуу үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү механизмдерди түзөбүз. Каржы рыногу жакынкы 2 жылдын ичинде бир топ өсөт. Калктын каражаттары өлкөнүн өнүгүшүнө иштей баштайт.


• Бизнес үчүн тоскоолдуктар алып салынат, тиешелүү рейтингдердеги позицияларыбызды жок дегенде эки эсеге жакшыртууга жетишебиз. Бизнес кийинки жылдын жыйынтыктары менен эле жеңилдиктерди сезе баштайт.


• Укук коргоо органдарынын курамы жыл ичинде 75%га жаңырат. Татыктуулар гана кызмат өтөйт.


• Региондордун ортосундагы жашоо деңгээлинин айырмачылыктары жыл сайын азайат, ал эми өтө байлар менен өтө жакырлардын ортосундагы айырма 10 жылдан кийин 10-15 %дан ашпайт.


• Мамлекеттик кызматтар жарандарга жашаган жерине карабастан өлкөнүн каалаган жеринде жеткиликтүү болот. Биз буга 10 жылдын ичинде жетишебиз.


• 3-5 жылдын аралыгында Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон ички керектөөнүн 50%на чейин өзү камсыздайт.


• Беш жылдын аралыгында темир жолдорду куруу аяктап, 7 жылдан соң жаңы ГЭСтерди толук кубаттуулукта иштетебиз.


• Эки жылдан соң баардык мектептер мезгил талабына жооп берген жаңы программалардын алкагында иштеп баштайт.

<< Такое разное достоинство Чеп -честный аукцион >>
X
Для размещения комментария авторизуйтесь